2016-жыл

2016-04-25 13:15:31 70

23-апрель күнү “2016-жыл тарых жана маданият” жылына карата, коомдук маданияттуулугун жана сабаттуулугун өстүрүү максатындагы Ош шаарынын мэриясы “Китеп эң жакшы дос” долбоорунун алкагында Алымбек Датка атындагы эс алуу багында “Көчө китепканасын” ачуу аземи болду. Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасы бул долбоорду колдоо ирээтинде Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармаларынын жети томдук жыйнагын “Көчө китепканасына” белекке берди. Китеп билим алуунун негизги булагы экендигине көңүл бурдуруу, окурмандардын акыл көрөңгөсүн, ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгө университетибизде шарт бар экендигин даңазалоо максатында 500 гө жакын акыркы жаңы түшкөн китептердин жарманкесин уюштурдук. “Китеп эң жакшы дос” долборунда эң мыкты көргөзмө уюштургандыгы жана “Көчө китепканасынын” ачылуу аземине кошкон салымы үчүн инсан таануу коомдук бирикмесинин төрагасы Э.О.Шерматовдун мөөрү басылган “ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ” ОшМУнун илимий китепканасына тапшырылды.