"Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук" күнүнө карата "Адамзаттын жан азыгы-китеп" аттуу иш чара.

2016-04-25 13:52:10 134

Чын куран (апрель) айынын 23- күнү “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата “Адамзаттын жан азыгы – китеп” аттуу иш чара медицина факультетинин жыйындар залында болду. Чыгармаларды окуу менен жан дүйнөнү азыктандырууга үндөө, студенттерге илимий китепкананын фонду менен тааныштыруу, Ала-Тоолук атуулдардын эмгектерин, эрдиктерин, акылмандуулугун жана трагедиялуу тагдырларын жаштарга жеткирүү, университетибиздин атуулдарынын эмгектерин даңазалоо максатын чагылдырган буклет жана китеп көргөзмөсү уюштурулду.Иш чарада факультеттин деканы, доцент М.Арстанбеков, илимий китепкананын директору С.Мамбетова, башкы китепканачы Б.Раева куттуктоо сөз сүйлөштү.