"ОшМУда китеп түнү" өткөрүлдү.

2016-05-23 10:24:45 82

2016-жыл тарых жана маданият жылына карата тарбия департаменти жана илимий китепкананын жамааты менен биргеликте "ОшМУда китеп түнү","27-май Кыргыз Республикасынын китепканалар" күнүнө арналган адабий-музыкалык кече жана"ОшМУнун ачык асман алдындагы китепканасынын"ачылуу аземи болуп өттү. ОшМУнун илимий китепканасынын жалпы жамааты тарабынан ОшМУнун имаратынын оң тарабына дүйнөлүк жана кыргыз көркөм адабияттарынын көргөзмөсү, сол тарабына кыргыздын улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсү уюштурулуп жалпы көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды.