Майрамыңыз кут болсун

2016-05-27 15:23:50 76

УРМАТТУУ САЙРАШ САТЫНДИЕВНА! Гүл сүйүп, гүлгө окшош жамалыңыз Гүлдөрдөй жайнап турсун маанайыңыз Белгилеп китепканачы күнү деген Бүгүнкү куттуу болсун майрамыңыз Жаз сүйүп, жазга окшош жамалыңыз Ар дайым жайнап турсун маанайыңыз Жадырай жаз жарышып кирип келген Кесиптик куттуу болсун майрамыңыз Салмактуу аста басып, жол басасыз "Иште" деп китепканачыны көп айтасыз Борбордук китепкананы эмгек менен Илимий китепканага айланттыңыз Аярлай аяп карап сөз баштайсыз Насаат айтып, колдооңузду аябайсыз Кээ-кезде ачууланып кар-курс айтып А кээде коргоп мени калкалайсыз Орундуу жөндүү сүйлөп сөз баштайсыз Өзгөчө абалымды көп сурайсыз "Өчпөстөн өйдөлөгүн бийик бол" деп Өзүмө дем күч берип көп айтасыз Каалайм сизге Нил суусундай узун өмүр Каалайм сизге кирдебеген шайыр көңүл Каалайм сизге кол жетпеген бийиктикти Каалаймын ишиңизге ийгиликти! Медициналык колледжинин китепканачысы Абдураимова Алтынай