Жарыялар

Жыл сайын 23-апрелде Бүткүл Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленип келүүдө

Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасы китеп иллюстрациялык көргөзмөсүн уюштурууда. Китеп көргөзмөсундө бардык адистиктер боюнча китепттер жана биздин окумуштуулардын илимий эмгектери, диссертациялары, авторефераттары коюлат. Көргөзмө ОшМУнун башкы корпусунда, медицина факультетинин окуу залында, БИМ, ФЮК, КМОП юридика факультеттеринде уюштурулат. Биздин китеп майрамыбызга катышып кетүүгө чакырабыз. Башталышы 23-апрель саат 10:00

Урматтуу факультеттердин декандары, колледждердин жана мектеп-гимназияларынын директорлору!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 2024-жылы Кара - Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Аталган иш-чаранын планына ОшМУнун 85 жылдык юбилейин өткөрүү киргизилди. Сизди ОшМУнун профессордук-окутуучулук жана илимий китепкана жамаатынын, студенттеринин атынан 2024-жылдын 3-апрелинде өтүүчү окуу жайдын 85 жылдык салтанаттуу мааракесин утурлай илимий китепкананын борборлоштурулган электрондук окуу залынын ачылыш аземине сыйлуу конок катары чакырабыз! Иш-чаранын жүрүшүндө аталган электрондук окуу залды ачуу аземи жана профессордук-окутуучулук курам, студенттер үчүн түзүлгөн шарт менен таанышуу максатында борборлоштурулган электрондук окуу залга саякат уюштурулат. Салтанаттуу жабылуу аземи ОшМУнун башкы имаратындагы чоң жыйындар залында Насиба Абдуллаеванын “Эртең дебе” китебинин негизинде китепти окуп түшүнүү конкурсу, китептердин көргөзмөсү өтөт. Терең урматтоо менен, ОшМУнун илимий китепканасынын директору А. Орозбаев Аткаруучу: Тел.: +996 554 206 434(WhatsApp) Электрондук почта:library@oshsu.kg

Илимий китепкана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына (6 айга) төмөнкүдөй аталыштагы мезгилдүү басылмаларга жазылды

№ индекси Мезгилдүү басылманын аталышы газеталар 1. 68537 Азия Ньюс 2. 68544 Аргументы и факты Кыргызстана ( кырг.орусча) 3. 68442 В конце недели 4. 50058 Комсомольская правда 5. 68411 Кут билим 6. 68418 Кутбилим сабак 7. 68484 Кыргыз тили 8. 68416 Кыргыз Туусу 9. 68551 ММ Кызмат муниципиалдык кызмат 10. 68531 Мегаполис /кырг., орус тилинде/ 11. 68407 Московский комсомолец-Азия 12. П 1107 Российская газета 13. 68415 Слово Кыргызстана 14. 68491 Салык info /кырг., орус тилинде/ 15. 68548 Тил жана маданият 16. 68451 Эркин Тоо журналдар 17. 77302 Жетиген 18. 77316 Здравоохранение Кыргызстана 19. 77328 Мугалим 20. 77397 Нормативные акты Кыргызской Республики 21. 77331 Русский язык и литература в школах Кыргызстана 22. 77438 Эл агартуу 23. 77422 Эпос, Эл аралык илимий журнал областтык газеталар 24. 68452 Чүй баяны Чет элдик газета-журналдар 1. 70117 Альма Матер (Вестник высшей школы) 2. 33176 Аккредитация в образовании 3. 73052 Банковское дело 4. 81435 Бурда/Burda 5. 12773 Главный бухгалтер 6. 33335 Деловой вестник предпринимателя 7. 87887 Инновации в образовании 8. 15164 Математика в школе школьников 9. 72605 Налоги и финансовое право 10. 73273 Начальная школа (Основан в 1933-г.) 11. 46313 Ректор ВУЗа 12. 81449 Salon-Interior 13. 71055 Химия в школе 14. 15152 Физика в школе с разделом Астрономия 15. 45490г Философские науки 16. 39448г Энергия: экономика, техника, экология Эскертүү: • Мезгилдүү басылмалардын сакталуучу жайы маалымат-библиографиялык бөлүм. • Дареги: Ош шаары, Бөрүбай уулу Асылкан 2, Илимий китепкана, 211-кана, байланыш телефону: 7-16-58. • 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына мезгилдүү басылмаларга жазылуу 3-кварталда башталат, ал эми жазылуу факультеттердин декандарынын, коллеждин директорлорунун зарылчылыкты тастыктаган билдирүүлөрүнө көз каранды.

Жарыя!!!

2024-жылдын 19-февралынан баштап Talking Club башталат!💬🌍 Англис тилин өркүндөтүп, 💪📚 Биз менен бирге өнүгүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Жарыя!

2024-жылдын 5-февраль күнү саат 9:30 да ОшМУнун башкы имаратынын 201-конференциялык залында “Информациялык сабаттуулук: Илимий изилдөөлөрдө электрондук ресурстарды эффективдүү пайдалануу” деген темада Борбордук Азиядагы Америка университетинен келген адистеринин жардамында илимий китепкана тарабынан тренинг уюштурулат. Тренингди БААУнун электрондук ресурстар боюнча адиси - Толгонай Кожоканова жана тейлөө бөлүмүнүн кызматкери Мадина Керимовалар өткөрөт. ОшМУнун окутуучуларын, аспиранттарын, магистранттарын жана китепкананын кызматкерлерин келип, катышып кетүүгө чакырабыз.

Урматтуу факультеттин декандарынын, колледждин, директорлорунун эсине!

Университетибиздин илимий китепканасында 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына ( алты айга) мезгилдүү басылмаларга жазылуу башталды. Ошондуктан Сиздер окуу процессесине зарыл болгон мезгилдүү басылмаларга жазылуу үчүн билдирүүнү ректордун атына жазып, анда мезгилдүү басылманын индекси, аталышы так жазылып, структуралардын жетекчилеринин колу менен тастыкталышы шарт. Жазылуу Сиздердин билдирүүңүздөрдүн негизинде 17-октябрга чейин аныкталат. Ал эми “Кыргызпочтасы” сунуштаган 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына жазылуу каталогунун негизинде мезгилдүү басылмалардын баасын маалымат-библиографиялык бөлүмдүн кызматкерлери аныктайт. Суроолорго маалымат-библиографиялык бөлүмдүн шаардык телефону 7-16-58, (0551) 871 787, (0773) 161 967 номерлери жооп берет.

Кулактандыруу !!!

Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата “Мыкты китеп-көргөзмөсү “ конкурсу жарыяланды. Жакшы көргөзмөнүн жеңүүчүлөрү бааланат.