Бүгүн, 14-майда, Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келген эл аралык өнөктөштөр — Elsevier компаниясынын вице-президенти Марат Фатхуллин жана «Лань» компаниясынын директору Александр Никифоров окуу жайдын илимий китепканасына болушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эксперттерге илимий китепкананын алдындагы Scopus изилдөө борборунун аткарып жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле коноктор үчүн борбордун жыл ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча атайын маалыматтык презентация сунушталды. Анда ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы дүйнөлүк Scopus базасын, электрондук булактарды жана илимий платформаларды өз изилдөө иштеринде кантип натыйжалуу пайдаланып жаткандыгы көрсөтүлдү.