Биздин жаңылыктар

Китепканадагы жаңылыктар менен бөлүшөбүз

ОшМУнун илимий китепканасы «Окурман Ош» фестивалына катышты


23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган «Окурман Ош» аттуу китеп фестивалы болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасы да жигердүү катышты. Фестивалдын алкагында китепкана тарабынан атайын көргөзмө уюштурулуп, анда ОшМУнун окумуштууларынын калемине таандык илимий эмгектер, монографиялар жана окуу куралдары коомчулукка тартууланды.

24-04-2026

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү


Бүгүн Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда китепканачылар тарабынан уюштурулган атайын иш-чара өттү. Саамалыкка ардактуу конок катары ОшМУнун профессору Акимжан Закиров катышып, студенттерге китептин илимдеги жана инсандын өсүп-өнүгүүсүндөгү баа жеткис орду тууралуу айтып берди.
Иш-чаранын алкагында эң жигердүү окурмандарга Илимий китепкананын сыйлоо баракчалары тапшырылды. Мындай жолугушуулар университеттин бардык окуу залдарында жана абонементтеринде уюштурулду. Китеп окууну адатка айлантып, китепкана менен дайыма байланышта болгон студенттерибизге ыраазычылык билдиребиз.

23-04-2026

Китеп- руханий казына


23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалар колледжинин китепканасында чакан иш-чара уюштурулду. Колледждин китепканачысы тарабынан уюштурулган бул саамалыкка директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Жаныбек уулу Улукбек катышып, студенттерге китеп окуунун жана билим алуунун пайдасы тууралуу айтып берди. Жыйынтыгында окуу жылы ичинде китепкана менен тыгыз байланышта болгон активдүү студенттерге илимий китепкананын атайын сыйлоо баракчалары тапшырылды

22-04-2026

НААРдын эксперттик комиссиясы ОшМУнун илимий китепканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты


Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасына НААР (Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги) эксперттик комиссиясынын мүчөлөрү келишти. Коноктор илимий китепкананын жалпы ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы жана электрондук ресурстардын жеткиликтүүлүгү менен жакындан таанышты. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү студенттер жана окутуучулар үчүн түзүлгөн шарттарга, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына көңүл бурушту.

21-04-2026

Фергана мамлекеттик университетинин делегациясы ОшМУнун илимий китепканасында болду


Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык мобилдүүлүк жана кызматташтыктын алкагында Фергана мамлекеттик университетинин делегациясы Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасында болушту.Меймандар илимий китепкананын иши жана ОшМУнун кызматкерлеринин илимий изилдөөлөрү менен таанышышты. Таанышуу учурунда делегация мүчөлөрү Scopus изилдөө борборунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө кызыгуу көрсөтүштү.Scopus борборунун координатору Б.А. Жусупов борбордун учурдагы иши, электрондук китепкананын издөө ресурстары, ошондой эле ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын илимий жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Тараптар изилдөө иштери боюнча тажрыйба алмашып, окуу жай тарабынан кызматкерлердин илимий-изилдөө иштерине көрсөтүлгөн колдоолорду, университет жетекчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан стимулдаштыруучу жана сыйлоо чараларын талкуулашты.

21-04-2026

ОшМУда дүйнө элдеринин маданияты жана адабияты даңазаланды


Ош мамлекеттик университетинде «Дүйнө элдеринин маданияты» аттуу салтанаттуу иш-чаранын алкагында кыргыз жана өзбек адабияттарынын көргөзмөсү уюштурулду. ОшМУнун илимий китепканасы тарабынан даярдалган бул экспозицияга эки элдин залкар жазуучуларынын классикалык чыгармалары, илимий эмгектери жана китепкана фондундагы сейрек кездешүүчү баалуу басылмалар коюлду.
Иш-чара студенттердин маданий деңгээлин көтөрүү менен бирге, эки элдин адабий байланышын жана достук мамилесин бекемдөөнү көздөйт. «ОшМУнун биримдиги — маданий көп түрдүүлүктө!» деген ураан астында өткөн бул саамалык эл аралык ынтымактын жана руханий байлыктын символуна айланып, окурмандардын назарына эки элдин заманбап адабияттарын да тартуулады.

21-04-2026

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда Китеп күнү белгиленди


23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Педагогика, искусство жана журналистика институтунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Искусство жумалыгынын алкагында уюштурулган бул саамалыкка окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Бир дизайнер — бир ырчы, эл тараза — эл сынчы» аттуу конкурстун экинчи этабы жыйынтыкталып, китепкана менен тыгыз байланышта болуп, көп окуган алдыңкы студенттерге өзгөчө көңүл бурулду. Китепкананын эң активдүү окурмандарына билимге болгон умтулуусу үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул сыйлык студенттердин китеп окуу маданиятын жогорулатууга багытталган эң сонун колдоо болду.
Сыйлоо аземинде институттун китепканачысы Абдыкаарова Бусайра тарабынан демилгеленген акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Сыйлыктарды окуу иштери боюнча директордун орун басары Матаев Медербек салтанаттуу түрдө тапшырып, студенттерди билимге умтулууга чакырды.

21-04-2026

ОшМУ жана ӨзМДТУ: Илимий кызматташтык жана тажрыйба алмашуу


2026-жылдын 11-апрелинде академиялык мобилдүүлүк жана кызматташтык алкагында Өзбекстан мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин (ӨзМДТУ) делегациясы Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди. Делегацияны педагогика илимдеринин доктору, профессор Камола Мурадкасимова баштап келди. Конокторду ОшМУнун доценти Райкан Ысмаилова коштоп жүрдү.
Иш сапардын алкагында делегация ОшМУнун илимий китепканасынын Scopus илимий борборунда болушту. Борбордун адистери конокторго эл аралык илимий базалар менен иштөө багыттары, борбордун функционалдык максаты жана учурдагы аткарып жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ошондой эле борбордун ишмердүүлүгү боюнча тааныштыруу презентациясы көрсөтүлүп, илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу болду. Меймандар ОшМУнун Scopus эл аралык илимий базасында индекстелген илимий изилдөөлөр жаатындагы жетишкендиктери менен жакындан тааныша алышты.

14-04-2026

ОшМУда «Ар бир кесип ардактуу» аттуу мотивациялык тренинг өттү


7-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын «StudClub» студенттерди өнүктүрүү борборунда «Ар бир кесип ардактуу» аттуу мазмундуу тренинг болуп өттү.
Иш-чаранын спикери катары Литвадагы кыргыз диаспорасынын негиздөөчүсү жана Литвадагы «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Белек Айдаров катышты. Тренингдин негизги максаты — студенттерге кесип тандоодо туура багыт берүү жана ар бир адистиктин коомдогу өзгөчө ордун, маанилүүлүгүн түшүндүрүү болду.
Белек Айдаров өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, ийгиликке жетүүнүн жолдору, өзүн-өзү таануу жана кесиптик өсүү эч качан кеч эместиги тууралуу кызыктуу мисалдарды келтирди. Катышуучулар кесипкөй адистен пайдалуу кеңештерди алып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

08-04-2026

ОшМУда профессор Сулайман Рысбаевдин китеп көргөзмөсү жана жолугушуусу өттү


Ош мамлекеттик университетинде белгилүү илимпоз-педагог, профессор Сулайман Рысбаев менен "12 жылдык билим берүү: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар" аттуу маанилүү жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын алкагында университеттин илимий китепканасы тарабынан автордун китептеринин кеңири көргөзмөсү уюштурулду. Экспозицияга окумуштуунун билим берүү тармагына арналган окуу куралдары, илимий колдонмолору жана өсүп келе жаткан муун үчүн жазылган көркөм чыгармалары коюлду. Бул көргөзмө катышуучуларга 12 жылдык билим берүү реформасынын маңызын терең түшүнүүгө жана педагогдун бай тажрыйбасы менен жакындан таанышууга шарт түздү.

26-03-2026

ОшМУнун илимий китепканасы жана анын электрондук ресурстарын колдонуу


10-март күнү Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын Электрондук ресурстар бөлүмүнүн кызматкерлери Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда илимий китепкананын электрондук ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, аларга жетүү жолдору жана аларды илимий-изилдөө иштеринде натыйжалуу пайдалануу тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле электрондук китепкананы толуктоо максатында окутуучулардан окуу процессинде колдонулган актуалдуу китептердин PDF форматындагы электрондук варианттарын берүү сунушталды.

11-03-2026

8-март — Аялдардын эл аралык майрамы


8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата университеттин ректору К.Г. Кожобековдун катышуусунда өткөн салтанаттуу иш-чарада Илимий китепкананын кызматкерлери сыйланышты.
Окуу жайдын өнүгүүсүнө кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн Динара Арзибаева жана Зыйнат Турдуева «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси, Кызжибек Сатиева менен Кундуз Жороева «Ардак грамота», Гүлшайыр Козубай кызы акчалай сыйлык, ал эми Токтоайым Кармышак кызы менен Жайнагүл Тургунбаева «Алкыш баракчасы» менен сыйланышты.
Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз!

06-03-2026

SCOPUS жана РИНЦ базалары боюнча практикалык семинар


ОшМУнун Илимий китепканасынын SCOPUS борбору Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун окутуучулары үчүн практикалык семинар уюштурду.
Окутууну борбордун координатору, доцент Болотбек Жусупов жүргүзүп, катышуучуларга SCOPUS жана РИНЦ базаларында каттоо, маалымат издөө жана макала үчүн журнал тандоо жолдорун үйрөттү. Ошондой эле КР ЖАКтын илимий даражаларды ыйгаруу боюнча жаңы талаптары жана акыркы өзгөртүүлөрү боюнча кеңири маалымат берилди.

06-03-2026

Чыгыш таануу институтунун окутуучулары үчүн практикалык семинар уюштурулду


4-март күнү Ош мамлекеттик университетиний Илимий китепканасынын SCOPUS илимий изилдөө борбору тарабынан Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамы үчүн практикалык семинар уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга SCOPUS жана РИНЦ (Российский индекс научного цитирования) илимий базаларында каттоодон өтүү, маалымат издөө жана тиешелүү илимий журналдарды тандоо жолдору боюнча кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) илимий кадрларды даярдоо жана окумуштуулук даражаларды ыйгаруу боюнча жаңы талаптары түшүндүрүлүп, окутуучулардын суроолоруна жооп берилди.
Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев иш-чараны уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн Илимий китепкананын директору Азамат Орозбаевге жана окутууну алып барган SCOPUS борборунун координатору, юридика илимдериний кандидаты, доцент Болотбек Жусуповго ыраазычылык билдирди.
Иш-чара суроо-жооп жана талкуу форматында өтүп, катышуучулар эл аралык илимий базаларга макала жарыялоо жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.

05-03-2026

ОшМУда «Brain Ring» интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды


19-февралда Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын «StudClub» студенттерди өнүктүрүү борбору тарабынан «Brain Ring» интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү.
Мелдешке университеттин бардык факультеттеринен жана колледждеринен түзүлгөн 20 команда катышты. Студенттер терең дүйнөтаанымын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана ыкчам жооп берүү жөндөмдөрүн сынап, командалык ынтымагын көрсөтө алышты.
Таймаштын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:
I орун — «Медикус» командасы (Медициналык колледж);
II орун — «Айдай» командасы (Индустриалдык-педагогикалык колледж);
III орун — «ВШМОП» командасы (Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби).
Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылып, бардык катышуучуларга активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирилди. Бул иш-чара студенттердин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө жана факультеттер аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталды.

24-02-2026

ОшМУда заманбап педагогдун моделине арналган китеп көргөзмөсү өттү


Ош мамлекеттик университетинде «Заманбап мугалимдин модели» форумунун алкагында өзгөчө китеп көргөзмөсү тартууланды. Бул иш-чара билим берүү тармагындагы жаңы талаптарга жана заманбап чакырыктарга жооп катары уюштурулду.
Экспозицияда негизги көңүл билим берүүнү санариптештирүүгө бурулуп, заманбап адабияттар жана «Ibooks» сайтынын мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын презентация жасалды. Катышуучуларга электрондук ресурстарды окуу процессинде эффективдүү колдонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.
Аталган иш-чараны илимий китепкананын библиографы жана Электрондук ресурстар бөлүмү уюштурду. Көргөзмө педагогдордун кесиптик чеберчилигин арттыруу жана окутуунун инновациялык усулдарын жайылтуу максатын көздөйт.

17-02-2026

«Brain Ring» интеллектуалдык таймашы Ош МУда!


Ош МУнун Илимий китепканасынын «StudClub» студенттерди өнүктүрүү борбору студенттерди «Brain Ring» интеллектуалдык оюнуна чакырат. Бул таймаш сиздин логикаңызды, тез чечим кабыл алуу жөндөмүңүздү сынаган мыкты аянтча болот.
Оюндун шарттары:
• Команда курамы: 4–6 оюнчудан турат.
• Катышуу акысы: Ар бир командадан 200 сом.
• Каттоо мөөнөтү: 17-февралга чейин.
• Өткөрүлүү күнү жана жери: 19-февраль, саат 14:00, Ош Мунун башкы имараты, 201 каана.
• Суроолор учун: 0220 84 82 80
Интеллектуалдык атмосфера, баалуу белектер, кызыктуу суроолор жана татыктуу атаандаштык сиздерди күтөт. Өз факультетиңиздин намысын коргоп, билимдүү команда экениңизди далилдеңиз!

12-02-2026

Flutter боюнча окуу сабагы: Counter App тиркемесин иштеп чыгуу


Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын «StudClub» студенттерди өнүктүрүү борборунда Flutter платформасында мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууга кызыккан студенттер үчүн окуу сабагы өттү. Сабакты «Oimo_soft» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, тренер Абдыбек уулу Сыймык алып барды.
Катышуучулар Flutter фреймворку жана Dart программалоо тили менен таанышып, тиркеменин абалын (state) башкаруунун негизги принциптерин үйрөнүштү. Практикалык бөлүктө студенттер StatefulWidget жана setState() функцияларын колдонуу менен жөнөкөй «Counter App» тиркемесин түзүп, алгачкы тажрыйбаларын алышты.

06-02-2026

Донецк мамлекеттик педагогикалык университетинин өкүлдөрү ОшМУда


ОшМУнун илимий китепканасына Россия Федерациясынын Донецк мамлекеттик педагогикалык университетинин кызматкерлери иш сапары менен келишти. Коноктор илимий китепкананын ишмердүүлүгү жана окурмандарды тейлөө тартиби менен таанышышты. Мындан тышкары, алар Scopus ресурс борборунун иши, анын функционалдык багыты, эл аралык илимий-метрикалык базаларда илимий макалаларды жарыялоо өзгөчөлүктөрү жана аталган борбордун илимий ишмердүүлүктөгү ролу тууралуу маалымат алышты.

05-02-2026

Аспиранттар үчүн ЖАКтын жаңы жоболору боюнча семинар-тренинг


3 -февралда Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасында "SCOPUS" илимий изилдөө борборунда гуманитардык багыттагы 1-курстун аспиранттар үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) илимий кызматкерлерди аттестациялоо боюнча акыркы өзгөртүүлөрү жана талаптары менен таанышышты.Семинарды юридика илимдеринин кандидаты, доцент Жусупов Болотбек Асанович өткөрүп, практикалык сунуштамаларды берди жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

04-02-2026

Китеп текчесиндеги жаңылыктар


Илимий китепкананын профессордук-окутуучу курамынын окуу залына акыркы келип түшкөн адабияттардын тизмегиндеги жана демөөрчүлөр жана авторлор тарабынан өзгөчө сый-урмат менен тартууланган белек китептер окуу залдын китеп көргөмө текчесинен орун алган. Ар бир басылма өзүнүн жасалгасы жана мазмуну менен өзгөчөлөнөт. Бул баалуу коллекция илимий изилдөөлөрдү тереңдетүүгө жана билим базасын байытууга зор өбөлгө түзөт.

23-01-2026

ОшМУда “Жусуп Абдырахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер” аттуу китеп боюнча интеллектуалдык таймаш өттү


Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасы студенттердин тарыхый билимдерин тереңдетүү жана китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Жусуп Абдырахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер” китебинин негизинде интеллектуалдык таймаш уюштурду.
Иш-чаранын ачылышында ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Эшаров Элзарбек Асанович, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Смадияров Сыдык Акунович жана Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейинин өкүлү Хайрулло Ибайдуллаев Жусуп Абдырахмановдун өмүрү, саясий ишмердүүлүгү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кошкон салымы тууралуу мазмундуу баяндамалар менен чыгышты.
Таймашта студенттер китептин мазмунун өздөштүрүү деңгээлин тесттик суроолор аркылуу көрсөтүшүп, мыкты жыйынтык көрсөткөн катышуучулар ОшМУнун ректорунун баалуу сыйлыктарына ээ болушту.

05-12-2025

КУУнун студенттери ОшМУнун Илимий китепканасында


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан студенттер ОшМУнун илимий китепканасына келип, китепкананын ишмердүүлүгү жана кызматтары менен таанышышты.

Студенттерге илимий китепкананын алкагында ачылган Scopus илимий методикалык маалымат базасы, “Talking Club” жана “ StudClub” студенттердин профессионалдык жана жеке өнүгүү борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Алар китепкананын заманбап электрондук ресурстары, жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен жакындан таанышты.

27-11-2025

ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленди


10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде 2024–2025-окуу жылындагы илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө илим тармагында жигердүү эмгектенип, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер сыйлыктар менен белгиленди. Аталган күнү Илимий китепкананын кызматкерлери да үзүрлүү эмгеги жана активдүү ишмердүүлүгү үчүн ардак грамота, алкыш баракчалары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты

19-11-2025

Жусуп Абдрахмановдун китеби боюнча билим сынагы


ОшМУнун Илимий китепканасындагы “Studclub” студенттерди өнүктүрүү борбору 3-декабрда «Жусуп Абдрахманов — чыгаан мамлекеттик ишмер» аттуу китеп боюнча интеллектуалдык конкурс өткөрөт. Иш-чара студенттерге тарыхый инсан тууралуу билим алып, китеп боюнча суроолорго жооп берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Сыйлыктар:
1-орун — 15 000 сом,
2-орун — 10 000 сом,
3-орун — 5 000 сом.

Ошондой эле мобилдик телефон жана башка кошумча сыйлыктар берилет.
Иш-чара 3-декабрь күнү саат 14:00дө, ОшМУ ЧАЗда өтөт.
Дарек: Алымбека Датки көч., 331.
Байланыш телефону: 0770 017 042.
Билимиңизди сынап, баалуу сыйлыктарды утуп алыңыз!

17-11-2025

ОшМУнун илимий китепканасы Евразиялык тармактык университеттин III форумунда китеп көргөзмөсүн уюштурду


Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан «Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форумунун алкагында ОшМУнун Илимий китепканасы тарабынан атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду.Көргөзмөгө экономика, билим берүү, илим, инновация, интеграция темаларына арналган китептер, окуу-методикалык колдонмолор жана Ош мамлекеттик университетинин мезгилдик басылмалары коюлду.Бул көргөзмө форумдун катышуучуларына актуалдуу жана пайдалуу илимий маалыматтарды сунуштап, илимий жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

22-10-2025

Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы


Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалар колледжинде студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында “Шар окуу” сынагы өткөрүлдү. Сынак кыргыз, орус жана англис тилдеринде өтүп, студенттер окуу жөндөмдөрүн жана тил билүүсүн көрсөтүштү.
Жогорку упай топтогон студенттер диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара китеп окуу маданиятын жайылтууга, тилдик жана окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталып, билим берүү процесси менен тыгыз байланышта өттү. Сынакты колледждин китепканачысы уюштуруп, окутуучулар менен студенттер активдүү катышышты.

21-10-2025

Мобилдик тиркеме жана IT курсу


16-октябрда Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын “StudClub” студенттерди өнүктүрүү борборунда AIITrustMe Cripto компаниясынын программисти Мустафа Набиев ОшМУнун IT тармагына кызыккан студенттер үчүн «Мобилдик тиркеме жана IT курсу» боюнча тренинг өткөрдү.
Бул тренинг жыл бою улантылмакчы жана студенттерге мобилдик тиркемелерди түзүү боюнча терең билим берүү менен заманбап IT технологиялар менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Тренингде катышуучулар программалоонун негиздерин, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуунун этаптарын жана IT тармагындагы актуалдуу тренддерди үйрөнүштү.
Мустафа Набиев өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берип, аларды бул багытта өнүгүүгө шыктантты. Тренинг IT тармагында кесипкөй адис болууну каалаган студенттер үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп калды.

17-10-2025

ОшМУда «Бүгүнкү студент – эртеңки адис» аттуу жолугушуу өттү


9-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын “StudClub” студенттерди өнүктүрүү борбору тарабынан «Бүгүнкү студент — эртеңки адис» аттуу жолугушуу уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — жаштарда лидерлик сапаттарды, командада иштөөнү жана өзүн-өзү өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле активдүү студенттерди бириктирүү жана шыктандыруу болду.
Жолугушууга тажрыйбалуу спикерлер “Megaline_mobi” дүкөнүн жетекчиси Субанкулов Самарбек, “Сынак” билим берүү борборунун негиздөөчүсү жана тренер-фасилитатор Кармышаков Нурлан Алимбаев, ошондой эле Грузиядагы AllTrustMe Cripto компаниясынын ишкери Мустафа Набиев чакырылып, студенттерге өз жолун тандоо, кыйынчылыктарды жеңүү, чыгармачылык жана мотивация темаларында пайдалуу кеңештерин беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Ice-breaker” аттуу тааныштыруу оюндарына жана интерактивдүү бөлүктөргө активдүү катышып, бири-бири менен баарлашып, жаңы досторду табышты.
Жыйынтыгында “StudClub” борборунун жетекчиси Тыныбек Наралиев сөз сүйлөп, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

13-10-2025

Ардактуу эс алууга узатуу


Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасында көп жылдар бою үзүрлүү эмгек өтөп, китепкананын өнүгүүсүнө зор салым кошкон ардагер кызматкерлер — Камбаева Азиза, Нурматова Гулжамал, Саитова Гулжан, Боромбаева Жамила, Сатыбалдиева Роза жана Джуманалиева Гульсара — ардактуу эс алууга узатылды.
Илимий китепкананын жетекчилиги жана кесиптик кошуун комитети тарабынан уюштурулган бул иш-чарага университеттин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Турдубаева Гулсара, илимий китепкананын жетекчиси Орозбаев Азамат Мамасадыкович жана китепкана жамааты катышып, ардагерлерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалоо менен бирге терең ыраазычылыктарын билдиришти.

02-10-2025

Тил — мамлекеттин башаты


24-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде мамлекеттик тилдин 36 жылдыгына арналган «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аттуу республикалык деңгээлде жогорку окуу жайлар арасында илимий-практикалык конференция болуп өттү.Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун китепканачылары мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө байланыштуу китеп көргөзмөсүн уюштурушту. Көргөзмөдө мамлекеттик тилдин тарыхы жана өнүгүшүнө байланыштуу илимий эмгектер көрсөтүлүп, конференцияга катышкан профессордук-окутуучулук курамы менен илимпоздордун кызыгуусун жаратты. Китеп көргөзмөсү конференциянын темасын тереңдетип, мамлекеттик тилдин коомдогу орду жана мааниси тууралуу түшүнүктү кеңейтүүгө салым кошту. Бул иш чара Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Тургунбаева Сейил Жеңишбековна тарабынан уюштурулду.

09-10-2025

ОшМУнун китепканасына окуу колдонмосу белекке берилди


ОшМУнун Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Уланбек Адахимович Сопуев «Эки өзгөрмөлүү жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелерди чыгаруу» аттуу, жогорку окуу жайларынын студенттерине арналган окуу колдонмосун ОшМУнун илимий китепканасына белекке тартуулады. Колдонмо жогорку математиканын маанилүү темаларын камтып, студенттер үчүн керектүү материал болуп саналат.

19-09-2025

БИМ факультетинин студенттери китепкана менен таанышууда


Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин китепканасында жаңы окуу жылына карата биринчи курстун студенттери үчүн тааныштыруу иштери жүргүзүлүүдө.Китепкана кызматкерлери студенттерге китепканадан пайдалануу эрежелери, китептерди алуу тартиби, электрондук китепканага катталуу жана андагы ресурстар менен иштөө жолдору тууралуу кеңири маалымат берүүдө. Ошондой эле электрондук система аркылуу китептерге буйрутма берүү жана керектүү окуу материалдарын издөө тартиби көрсөтүлүүдө.
Китепкана тарабынан мындай маалымат берүү иштери факультетке кабыл алынган баардык биринчи курстун студенттери үчүн үзгүлтүксүз улантылат.

10-09-2025

Ардактуу эс алуу- татыктуу эмгектин үзүрү


2025-жылдын 9-сентябрында ОшМУнун илимий китепканасынын улук китепканачысы Мамбетова Сайраш Сатиндиевна ардактуу эс алууга узатылды. Кадырлуу эжебиз китепкананын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон. Ал жөнөкөй китепканачыдан баштап жетекчилик кызматтарга чейин өсүп, жогорудагы структураны он жыл бою жетектеген.Анын жетекчилиги астында "ИРБИС–64+" автоматташтырылган системасы ийгиликтүү ишке киргизилип, бул программа түштүк аймагында биринчи болуп колдонула баштаган. Бүгүнкү күндө аталган система китепкана ишин автоматташтырууда натыйжалуу колдонулуп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болууда.
Сайраш Сатиндиевна ОшМУда эмгектенген жылдар аралыгында төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган:
• ОшМУнун Ардак грамотасы, Билим жана илим профсоюздук кыймылынын төш белгиси
• Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы
• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин төш белгиси «Маданияттын мыкты кызматкери»
• Кыргыз Республикасынын «Датка айымы» медалы
• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы
• ОшМУнун «Эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси
Илимий китепкананын учурдагы жетекчилиги тарабынан кадырлуу эжебизди ардактуу эс алууга узатуу салтанаты уюштурулуп, ага ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, кадрлар бөлүмүнүн башчысы жана китепкананын жалпы жамааты катышып, Сайраш Сатиндиевнага жылуу каалоо-тилектер айтылып, татыктуу эс алуу жана бакубат жашоо каалоолору менен ыраазычылык билдирилди.

11-09-2025

Билим күнүндө - китепкана менен таанышуу


Бүгүн, 1-сентябрда — Билим күнүнө карата, ОшМУнун бардык китепканаларында биринчи курстун студенттери үчүн “Ачык эшик күнү” уюштурулду. Студенттер китепкана кызматтары, колдонуу тартиби жана электрондук ресурстары менен таанышышты. Ошондой эле, заманбап жабдылган окуу залдары көрсөтүлүп, пайдалануунун шарттары түшүндүрүлдү. Иш-чара студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырууга жана китепкана мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга багытталды.

01-09-2025

Намангандык меймандар ОшМУнун Илимий китепканасында


2025-жылдын 19-июнунда Наманган техникалык университетинин окутуучулары ОшМУнун Илимий китепканасына иш сапары менен келип, профессордук-окутуучулук курамдын окуу залы, борборлоштурулган электрондук окуу залы жана студенттик клубдардын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Китепкананын директору меймандарга китепкананын расмий сайты жана электрондук ресурстары тууралуу маалымат берип, кызмат көрсөтүү шарттарын кеңири түшүндүрүп берди.

20-06-2025

Китеп — акылдын ачкычы


2025-жылдын 18-июнунда Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасына Наманган техникалык университетинин окутуучулары тарабынан филология багыты боюнча 20 даана китеп белекке берилди. Бул адабияттар студенттердин жана окутуучулардын окуу жана илимий иштерине чоң салым кошот. Китепкана жамааты боордош окуу жайына ыраазычылык билдирет.

20-06-2025

Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына саякат


Ош мамлекеттик университетинде Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган "Жашыл аалам" фестивалы өтүп жатат. Фестивалдын алкагында Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун китепканачылары тарабынан акындын чыгармаларына арналган атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөдө коноктор Жолон Мамытовдун ыр жыйнактары жана чыгармалары менен таанышышты. Иш-чаранын негизги максаты акындын мурасын тереңирээк түшүнүү жана жаш муундарга жеткирүү болуп саналат. Фестиваль катышуучулары акындын эмгектерин баалап, анын чыгармачылыгына кызыгуу көрсөтүштү.

28-05-2025

Англис тилинде эркин сүйлөөгө багытталган “Talking Club” ишмердүүлүгү


ОшМУнун "StudClub" борборунда ар жуманын үчүнчү күнү “Talking Club” өткөрүлөт. 2025-жылдын 19-мартынан бери бул иш-чараны филология жана маданият аралык коммуникация институтунун улук окутуучусу Усенова Назира Туратбековна алып барат.
“Talking Club” студенттерге англис тилинде туура жана эркин сүйлөөгө үйрөтүү максатында, ар түрдүү темаларда баарлашуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар англисче сүйлөгөндөр менен үзгүлтүксүз баарлашып, тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Бул клуб — англис тилин үйрөнүүнүн натыйжалуу жолу, студенттердин өз ара пикир алмашуусун жандандырып, тилди практикалоо үчүн уникалдуу платформа болуп саналат

24-04-2025

Китеп — билимдин ачкычы


Бүгүн, 23-апрель, Буткул дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Бул маанилүү датага карата Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда китепканачылар тарабынан уюштурулган китеп көргөзмөсү өттү. Иш-чарада студенттер жана окутуучулар үчүн ар түрдүү китептердин бай коллекциясы сунушталды. Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик университетинен келген делегация да көргөзмөнү кызыгуу менен карап, билимдин күчүн жана китептин баасын белгилешти. Бул иш-чара билимге болгон сүйүүнү арттырып, китептин дүйнөсүнө жаңы жолдорду ачты

23-04-2025

23-апрель - Буткул дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү


Бүгүн, 23-апрелде, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленди. Бул күнгө карата Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда китепканачылар тарабынан уюштурулган китеп көргөзмөсү өттү.
Көргөзмөдө дүйнөлүк адабияттын улуу чыгармалары жана жаңы келип түшкөн китептер коюлуп, автордук укуктун мааниси жана китептин адам жашоосундагы орду тууралуу маалыматтар сунушталды. Студенттер жана окутуучулар үчүн уюштурулган бул иш-чарада, китептердин бай дүйнөсүнө саякат жасап, жаңы билимдерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Китеп — билимдин булагы, ал эми автордук укук — чыгармачылыктын коргоочусу. Бул күнү биз китепти баалап, анын маанисин терең түшүнүп, авторлордун эмгегин урматтоо зарылдыгын дагы бир жолу белгиледик. Көргөзмөгө келгендерге ыраазычылык билдиребиз!

23-04-2025

Адат – жашоонун күзгүсү


2025-жылдын 16-апрелинде ОшМУнун Илимий китепканасынын "StudClub" студенттик борборунда англис тили мугалими Кахаров Даниер тарабынан “Адат — жашоонун күзгүсү” темасында тренинг өткөрүлдү.Тренингде адаттын адамдын күнүмдүк жашоосуна, анын жеке өнүгүүсүнө жана ийгиликтерине кандай терең таасир этери кеңири талкууланды. Жакшы жана жаман адаттардын айырмасын түшүндүрүү менен, ден соолукка жана жалпы өнүгүүгө оң таасир берчү адаттардын практикалык мисалдары келтирилди.Студенттер активдүү катышып, өздөрүнүн адаттары тууралуу ой бөлүштү жана алыскы максаттарга жетүү үчүн адаттарды кантип өзгөртүүгө болорун талкуулашты.

17-04-2025

Заманбап окуу залы


ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалар колледжинин окуу залы заманбап компьютерлер менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Залда илимий китепкананын электрондук ресурстарына кирүү, санариптик китептерди колдонуу жана өз алдынча билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилди.

16-04-2025

Баарлашуу боюнча тренинг


2025-жылдын 15-апрелинде ОшМУнун илимий китепканасынын "StudClub" борборунда баарлашуу темасына арналган тренинг уюштурулду. Тренингди Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымы, ОшМУнун ФЖМАК институтунун кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Бермет Закирова өткөрдү. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга баарлашууда суроолордун түрлөрүн туура колдонуу, кыскача ангемелерден керектүү маалыматтарды алуу, ошондой эле тартынбай сүйлөшүү, ойду так жана жөнөкөй жеткирүү боюнча пайдалуу кеңештер берилди. Тренинг студенттердин тил маданиятын жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды

24-04-2025

Сергек жашоо


2025-жылдын 9-апрелинде ОшМУнун Илимий китепканасындагы "StudClub" студенттердин профессионалдык жана жеке өнүгүү борборунда дарыгер Гамзар Алиевдин "Сергек жашоо" темасындагы тренинги өттү. Тренингде сергек жашоо образы, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн жалпы ден соолукка тийгизген таасири жөнүндө кеңири маалымат берилди. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, пайдалуу кеңештерди алышты. Бул иш-чара студенттердин сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырып, ден соолукка болгон мамилени жаңыдан баалоого түрткү болду.

11-04-2025

Максат коё билүү


2025-жылдын 7-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин "StudClub" студенттердин профессионалдык жана жеке өнүгүү борборунда “Жылдын мыкты мугалими–2024” наамын жеңип алган Каныбекова Назгүл Каныбековна "Максат коё билүү" темасында тренинг өткөрдү. Тренингде максат коюунун адам жашоосундагы мааниси жана ийгиликке жетүүдөгү орду талкууланып, студенттер менен жандуу пикир алышуулар өткөрүлдү. Назгүл Каныбековна максат ийгиликтин негизги компоненти экенин айтып, ар бир адам өз максатын так коюп, ага жетүү жолдорун аныктоону баса белгиледи. Интерактивдүү форматтагы тренинг студенттерге өз максаттарын аныктоого жана ишенимин арттырууга жардам берди, алардын мотивациясын жогорулатып, жеке өнүгүүсүнө түрткү болду.

08-04-2025

Оратордук өнөр, сөз байлыгын өстүрүү


2025-жылдын 4-апрелинде ОшМУнун илимий китепканасындагы "StudClub" студенттердин профессионалдык жеке өнүгүү борборунда өзгөчө мааниге ээ тренинг болуп өттү. Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымы, ОшМУнун ФЖМАК институтунун факультет аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Бермет Закированын "Оратордук өнөр, сөз байлыгын өстүрүү" аттуу тренинги уюштурулду.Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга оратордук өнөрдүн негизги компоненттери, так жана таасирдүү сүйлөө техникасы, эл алдында өз оюн ачык жана ишенимдүү жеткирүү ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, сүрдөөнү жеңүү, угуучулардын көңүлүн бурдуруу, текст жазуу жана аны натыйжалуу түрдө жеткирүү боюнча практикалык тапшырмалар аткарылды. Реалдуу сабак мисалдары жана жандуу талкуулар аркылуу студенттердин активдүүлүгү жогорулады.Тренингдин негизги максаты – жаштардын сөз байлыгын арттырып, алардын коом алдында өзүн эркин алып жүрүүсүнө, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү болду. Тренингге катышкан студенттер уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, мындай иш-чаралардын мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн каалашты.

07-04-2025

Коомдун жана инсандын өнүгүүсүндөгү билимдин мааниси


2025-жылдын 2-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасындагы "StudClub" студенттердин профессионалдык жеке өнүгүү борборунда экономист Абдуразаков Азам тарабынан “Коомдун жана инсандын өнүгүүсүндөгү билимдин мааниси” аттуу тренинг уюштурулду.Тренингдин жүрүшүндө дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин мисалдары келтирилип, алардын кайсы тармактар боюнча алдыга озуп чыккандыгы талкууланды. Тренер билимдин жана адистик боюнча жогорку деңгээлде окуп-үйрөнүүнүн өнүгүүгө болгон түздөн-түз таасирин белгиледи. Ошондой эле студенттер дүйнөлүк алдыңкы университеттер, ири эл аралык компаниялар жана заманбап илим-билим тармагы тууралуу кеңири маалымат алышты. Бул тренинг билимдин коом үчүн гана эмес, ар бир инсан үчүн да маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап, катышуучуларга мотивация берди.

03-04-2025

Китеп – билимдин казынасы


МФТИТтин жогорку математика кафедрасынын башчысы Сопуев Уланбек Адахимжанович ОшМУнун илимий китепканасына өзүнүн “Жогорку математика боюнча практикалык колдонмо” аттуу китебин белекке берди. Китеп студенттерге жана изилдөөчүлөргө жогорку математика боюнча пайдалуу колдонмо болуп, университеттин китепканасына жайгаштырылды.

02-04-2025

Педагогикалык инновациялар: сабактарды интерактивдүү окутуу ыкмалары


2025-жылдын 31-мартында ОшМУнун илимий китепканасынын "StudClub" студенттердин профессионалдык жеке өнүгүүборборунда, “Жылдын мыкты мугалими-2024” сынагынын баш байгесинин ээси, Каныбекова Назгүл Каныбековна “Педагогикалык инновациялар: сабактарды интерактивдүү окутуу ыкмалары” боюнча 72 сааттык тренингди баштады.

Бул тренингге катышкан студенттер, интерактивтүү окутуу ыкмалары менен таанышып, билим берүүдөгү реформалардан кабардар болуп, инсанга багытталган окутуу(ИБО) стратегиясын өздөштүрүшөт.

02-04-2025

Китеп- билимдин ачкычы


Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасына информатика жана программалоо кафедрасынын кафедра башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Токторбаев Айбек Мамадалиевич жана аталган кафедранын окутуучусу Токтомуратова Жанара Эркинбаевна «LaTeX системасында документтерди даярдоо» аттуу окуу китептерин белекке беришти. Бул китептер университеттин студенттери жана окутуучулары үчүн LaTeX системасы менен иштөөнү үйрөнүүдө баалуу ресурстарга айланат. LaTeX — илимий жана техникалык документтерди түзүү үчүн кеңири колдонулган күчтүү система.

26-03-2025

Финансылык сабаттуулук


2025-жылдын 19-мартында ОшМУнун илимий китепканасынын "StudClub" студенттердин профессионалдык жана жеке өнүгүү борборунда экономика илиминин кандидаты, доцент Наралиев Тыныбек Абдигапарович “Финансылык сабаттуулук” темасында тренингди өткөрдү.
Тренингдин максаты студенттерге акчага байланыштуу туура чечимдерди кабыл алуу, кирешелер жана чыгашалар боюнча эсеп жүргүзүү, ошондой эле келечегин узак мөөнөткө пландоо жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү болду.
Тренингде финансылык сабаттуулук адамдын финансылык бакубаттуулугуна жана бактылуулугуна жол ачары талкууланды. Студенттер финансылык ресурстарды туура башкаруунун маанисин терең түшүнүштү.

24-03-2025

«Scopus» маалымат базасы боюнча онлайн тренинг


2025-жылдын 12-мартында Ош мамлекеттик университетинде катышуучулардын суранычы боюнча Scopus базасы боюнча онлайн-тренинг өткөрүлдү. Тренингде Scopus базасындагы илимий макалаларды, рецензиялоону жана учурдагы изилдөөлөрдү натыйжалуу колдонуу боюнча негизги маалыматтар берилди. Катышуучулар издөө, иргеп алуу жана натыйжаларды анализдөө ыкмалары менен таанышып, илимий макалалардын маанилүүлүгүн аныктоо жана изилдөөлөрдү таануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңештерди алышты.
Scopus базасын натыйжалуу колдонуу боюнча адистердин сунуштары айтылды. Натыйжалардын сапаты жана тактыгына өзгөчө көңүл бөлүндү. Рецензияланган макалалар менен иштөө ыкмалары, алардын илимий ойду өнүктүрүүгө кошкон салымы жана актуалдуулугу тууралуу маалыматтар берилди.
Expert тренери Дмитрий Султановго жана Рабига Хожомкуловага, ошондой эле тренингдин катышуучуларына илимий китепкана өз ыраазычылыгын билдирет.

26-03-2025

Бирдей мүмкүнчүлүктөргө жетүү аракеттери


Медицина факультетинин жалпы клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы, б.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө корреспонденти Т.Т. Жумабаеванын сунушу менен 2025-жылдын 13-мартында кафедранын окутуучу-профессордук курамы менен жолугушуу болду. Жолугушууда медицина факультетинин китепканачылары С. Алымбаева жана Г. Жееналиева электрондук китепканадан аралыктан пайдалануунун, буйрутма берүүнүн жана илимий китепкананын электрондук ресурстарын пайдалануунун жолдору боюнча кеңири маалымат беришти. Илимпоздор китепкананын ишиндеги кызыккан суроолоруна жооп алышты.

20-03-2025

Ата-эне балдарга тамыр жана канат берет


2025-жылдын 12-март күнү илимий китепкананын "StudClub" студенттердин профессионалдык жана жеке өнүгүү борборунда «Ата-эне балдарга тамыр жана канат берет» темасында тренинг өткөрүлдү. Тренингди жеке ишкер Мурзаев Абдыманап алып барды. Ал учурдагы ата-энелер балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске албай, аларга жогорку талаптарды коюп жатышканын белгиледи. Ошондой эле, ата-энелер өз балдарына үлгү болууга, балдардын өсүшүнө жана таанып-билүүсүнө жардам берүүдө кыйынчылыктарга туш болууда деп айтып кетти. Тренингдин жүрүшүндө студенттер балдарды тарбиялоо жана билим берүү процессинин ата-эне менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашарын түшүнүп, ата-эне болуу үчүн жакшы билим алуу маанилүү экенин аңдашты.

14-03-2025

Аял зат аалам ажары


8-март аялдардын эл аралык майрамына карата университеттин ректору тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарада, илимий китепкананын кызматкерлерине университеттин өнүгүүсүнө кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн, «ОшМУга эмгек сиңирген ишмер» төш белгиси, ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

07-03-2025

Сыр катылган Сулайман-Тоо


2025-жылдын 26-февралында ОшМУнун илимий китепканасынын "StudClub" студенттердин борборунда, Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейинин илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Ибайдуллаевдин «Сыр катылган Сулайман-Тоо» темасындагы тренинг уюштурулду.
Тренингде Ибайдуллаев студенттерге Сулайман-Тоо кыргыз элинин тарыхында маанилүү жай экени, анын археологиялык жана маданий мааниси тууралуу айтып берди. Ал слайддар аркылуу көптөгөн кызыктуу фактыларды көрсөтүп, бул жердин тарыхый баалуулугун ачыкка чыгарды. Иш-чара студенттердин кыргыз маданий мурасы тууралуу билимин тереңдетип, тарыхый объекттерди изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырды.

28-02-2025

EBSCO 2025-жылдын февраль айындагы вебинарларына чакырат


EBSCO компаниясы 2025-жылдын февраль айында акысыз вебинарлар сериясын уюштурат. Вебинарлар маалымат адистерине, китепканачыларга, мугалимдерге, изилдөөчүлөргө жана студенттерге арналган. Бардык вебинарлар орус тилинде өтүп, 1 саатка созулат.
Вебинарларда EBSCO платформасын колдонуу, илимий макалаларды жана изилдөө материалдарын табуу, библиографияларды түзүү боюнча маалымат берилет. Бул вебинарлар платформанын жаңы функцияларын үйрөнүүгө жана ресурстар менен иштөө жөндөмдөрүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.
Вебинарлардын расписаниеси жана катталуу үчүн шилтеме : https://ebsco-russian.zoom.us/calendar/search

14-02-2025

Springer Nature басылмасынын журналдарына жана макалаларына тесттик кирүү


Урматтуу окумуштуулар, изилдөөчүлөр, докторанттар жана окутуучулар! 2025-жылдын 12-февралынан 17-мартына чейин Springer Nature басылмасы өзүнүн журналдарына жана макалаларына тесттик кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатат.
Тесттик кирүү 2000ден ашуун илимий журналга жана 6 миллионго жакын макалага ачылып, алар ар кандай илимдин багыттарын камтыйт. Бардык материалдар Scopus жана Web of Science эл аралык базаларына киргизилген, бул өз кезегинде жогорку сапаттагы басылмаларды камсыз кылат.
Springer: https://link.springer.com/ 1997-2025-жылдар аралыгындагы 2000ден ашуун рейтинги жогорку илимий журналдар жана 6 миллион макала.
Nature: Макалалар жана материалдар https://www.nature.com/ платформасында.
Бул тесттик кирүү сиздерге жаңы макалаларды изилдөөгө жана макалаларды топтоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк илимий материалдар менен таанышып, өз изилдөөлөрүңүздү жакшыртыңыз!
Тесттик кирүүнү колдонуу үчүн каттоодон өтүп, университеттин желеси же алыстан кирүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Springer Nature басылмасынын жогорку сапаттагы илимий басылмалары менен изилдөөңүздү өркүндөтүңүз!

14-02-2025

Cambridge University Press ресурстарына ОшМУнун колдонуучулары үчүн кирүү мүмкүнчүлүгү ачылды


Урматтуу ОшМУнун окуутуучу профессордук курамы, кызматкерлер жана студенттер, сиздерге жакшы кабар бар! Азыртан баштап Cambridge University Press ресурстарына толук жеткиликтүүлүк ачылды. Бардык колдонуучулар 2024-жылкы коллекцияга толук кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Колдонмо менен сиздерге ар бир журналдын тизмеси жана архивдерге жетүү тууралуу маалымат берилет.
Бул ресурстарды колдонуу менен сиздер илимий изилдөөлөргө жана жаңы маалыматка оңой жетүүгө мүмкүнчүлүк аласыздар. Жогорку сапаттагы рецензияланган журналдарга кирүү, актуалдуу жана ишенимдүү илимий маалыматтарды алуу, ошондой эле билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү жакшыртуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзүлөт.
Өтүнүч, төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, https://www.cambridge.org/core/publications/journals бардык көрсөтүлгөн журналдар жашыл белгиси менен белгиленгенин текшериңиздер

13-02-2025

Билимге жол ачкан жаңы китептер


ОшМУнун Билим лицейинде жаңы келип түшкөн китептерге арналган китеп көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөдө предметтик китептер, көркөм адабият жана чет элдик адабияттардын кыргызча котормолору көрсөтүлдү. Иш-чарага лицейдин окуучулары жана мугалимдери активдүү катышып, өз билимдерин кеңейтүү үчүн жаңы китептер менен таанышып, кызыгууларын арттырышты. Бул иш-чара мектепте окуу маданиятын өркүндөтүүгө жана китепке болгон кызыгууну күчөтүүгө багытталган.

05-02-2025

Актуалдуу жаңылыктар "Scopus"ка карай жол


2025-жылдын 21-январында ОшМУнун илимий китепканасында «Scopus» изилдөө борборунун демилгеси менен "Scopus маалымат базасына макалаларды жарыялоодо журналдарды туура тандоо" темасында тренинг өттү. Ага маалыматтык системалар жана программалоо кафедрасынын профессордук-окутуучу курамы менен магистранттары катышты. Тренингде «Scopus» базасы менен иштөө боюнча техникалык көрсөтмөлөр берилди. Юридикалык илимдеринин кандидаты доцент Б.А. Жусупов өзүнүн тажрыйбасына таянып, макалаларды жарыялоо процессиндеги негизги критерийлер жана журналдарды тандоодогу маанилүү нюанстар тууралуу кеңири маалымат берди. Иш-чаранын жыйынтыгында «Scopus» изилдөө борборуна ОшМУнун физика математика илимдеринин профессору А. Сопуев өзүнүн автордук китептерин белек катары тартуулады. Тренинг натыйжалуу өтүп, катышуучулар үчүн маанилүү жана пайдалуу маалыматтар берилди.

29-01-2025

ОшМУнун илимий китепканасына жылдын мыкты эмгектери келип түштү


ОшМУнун илим жана инновация бөлүмү тарабынан окуу жайдын окутуучулары үчүн уюштурулган "Мыкты монография", "Мыкты окуу куралы", "Мыкты окуу-усулдук колдонмо" конкрустарынын жыйынтыгы боюнча орундарды камсыздаган 3 монография, 3 окуу куралы, 3 окуу усулдук колдонмо илимий китепканага жогоруда аталган бөлүм тарабынан өткөрүлүп берилди.
Китептер комплектөө жана сактоо бөлүмү тарабынан иштелип чыгып, мугалимдердин окуу залына берилди.

11-01-2025

ОшМУнун илимий китепканасы жаңы окуу адабияттар менен толукталууда


"Билим" лицейинин директорунун билдирүүсүнө ылайык, окуу
процессинде зарыл болгон 112 аталыштагы окуу китептери университет тарабынан сатылып алынды.
Учурда китептер комплектөө жана сактоо бөлүмүндө китепкананын
эрежелерине ылайык кайрадан иштелип жатат. Жогорудагы иш аракеттер
аяктаган соң, "Билим" лицейиндеги китепканага, окуучулардын
пайдалануусуна өткөрүлүп берилет.

11-01-2025

Тажрыйба алмашуу - ийгиликтин ачкычы!


Илимий китепкана кызматкерлери Жалал-Абад китепканалык колледжинин кесиптештери менен жолугушту. Жолугушууда студенттерге китепканалык дисциплиналар боюнча сабак берүүдө, бардык китепканалардын түрлөрү (мамлекеттик, илимий китепканалар, маданий-массалык облустук, райондук, айылдык жана мектеп китепканалары) менен түздөн-түз тыгыз байланышта болгон кесиптештер менен кенен пикир алмашуу болду.
ОшМУнун илимий китепканасынын кызматкерлери коноктор үчүн ыңгайлуу жана жайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратты, анда коноктор кенен практикалык маалыматтарды, китепканалык тажрыйбасы, шыгы-жөндөмү бар кызматкерлерден зарыл маалыматтарды ала алышты.
Биз китепкананын тарыхына кыскача токтолуп, бөлүмдөр, структуралык китепканалар боюнча маалымат берилди. Окуу залдагы олтурган окурмандардын толуп олтурушу, жергиликтүү жана чет элдик мезгилдүү басмалардын ар түрдүү нускасы ошондой эле илимпоздор үчүн түзүлгөн китепканалык фондун кызыгуу менен таанышышты. «IRBIS 64+» системасы менен иштөө боюнча кыскача презентация менен таанышып, аны ишке ашыруунун натыйжалуулугу жана зарылдыгы жана китепкана ишинде колдонулушу тууралуу кеңири суроо-жооп болду. Заман менен жаша жана иште! Ошондой эле дүйнөлүк китепканалар тууралуу мисалдарды жана кызыктуу фактыларды келтирүү менен кызуу талкуу болду.
Жолугушуунун соңунда биздин китепкана тармагындагы жетишкендиктерибизден, жаңылыктардан дайыма кабардар болуп туруу үчүн ОшМУнун илимий китепканасынын сайтына баш багып туруу сунушталды.
Ар бир китепкананын ишмердүүлүгүндөгү эң негизгиси жергебиздеги китепкана менен ишенимдүү мамиле түзүү, анын үзгүлтүксүз келүүчүсү болууга умтулуу, китепке болгон окурмандардын каалоосун ойготуу!
Бул бир күндүк экскурсия биздин кесиптештерибизди жана алар менен болгон баарлашууну жаңы компетенцияларды өздөштүрүүнүн эффективдүү куралына айландырат деп ишенебиз!

22-11-2024

Шыктандыруучу окуя


Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин "Ардак грамотасы" менен илимий китепкананын башкы китепканачысы Козубай кызы Гулшайыр сыйланды.

23-10-2024

Белек китеп


Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Шайимкулова Минабар Абдубайитовна илимий китепканага "Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын тарыхы"аттуу китебин белекке берди.
Бул китеп окурмандар үчүн теориялык жана практикалык билим алууга мүмкүндүк берет. Китепкана ыраазычылык билдирет!

22-10-2024

Маанилуу окуялар


16-октябрда Ош мамлекеттик университетинде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси" аттуу илимий конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана башка расмий адамдар катышты.
Конференциянын конокторун Ош мамлекеттик университетинин электрондук китепканасы менен илимий китепкананын директору Орозбаев Азамат Мамасадыкович тааныштырды.
Өз сөзүндө маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу адам жашоосунун бардык тармактарына, анын ичинде илимге жана билим берүүгө олуттуу таасирин тийгизерин белгилеп өттү. Ушуга байланыштуу жогорку деңгээлде улуттук маданий жана илимий мурастарды сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири катары электрондук китепканаларды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурууда.
Биздин китепкана илимпоздорго, изилдөөчүлөргө, студенттерге, окуучуларга чоң колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.
Электрондук китепкана салттуу китепканадан өнүгүп чыгып, азыр электрондук кызматтарды аткарып жатканын баса белгиледи. Китепкананын фондунун курамы менен мазмунун көрсөткөн жана библиографиялык жазууларды, китептерди электрондук түрдө буйрутма берүү, маалымат издөө, чогултуу, иреттөө, сактоо жана башка кызматтарды камтыган электрондук каталог түзүлгөн.

22-10-2024

Достук жана кызматташтык


Бүгүн, 15-октябрда Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунун өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетине жана илимий китепканага келишти. Келген конокторду илимий китепкананын директору Орозбаев Азамат Мамасадыкович борборлоштурулган окуу залында ачылган STUDCLUB студенттердин профессионалдык жеке өнүгүү борбору, Scopus илимий-изилдөө борбору, электрондук ресурстар бөлүмү менен китепкананын заманбап жасалгасын, окурмандарга түзүлгөн шарттары менен тааныштырып, борборлордун жана бөлүмдүн аткарган жумуштары боюнча кыскача маалымат берип өттү.
Коноктор илимий китепкананын мындан аркы иштеринде чоң чыгармачыл ийгиликтерди каалашты!

16-10-2024

Сага мактоо, китепкана!


2024-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.М. Примкулов ОшМУнун илимий китепканасынын китепкана, электрондук окуу зал, китепканадагы студенттик борборлор менен таанышып чыкты. Китепкана үчүн шарттар шакшы түзүлгөнүн белгилеп, ОшМУ-билим берүүдө бүгүңкү замандын флагманы, келечекте дүйнөдөгү мыкты окуу жайларлардын катарында болоорун, сапаттуу билим, таалим-тарбия берүүсүн айтып өттү.

14-10-2024

"Scopus" базасындагы мыкты жетишкендиктер!


ОшГУ Scopus базасында олуттуу ийгиликте жана прогрессте.

03-10-2024

Көңүл буруңуздар! 2025 жылга мезгилдүү басылмаларга жазылуу башталды!


Урматтуу институттардын, колледждердин директорлору жана эл аралык медицина, медицина факультеттеринин декандары!
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына чет элдик жана Республикалык мезгилдүү басылмаларга жазылуу 2024-жылдын 20-октябрында аяктайт.
Мезгилдүү басылманын индекси, аталышы так жазылган билдирүү, ректордун колу менен тастыкталгандан кийин кабыл алынат.
Биринчи жарым жылдыкка жазылууга берилген буйрутманын негизинде экинчи жарым жылдыкка жазылуу улантылат. Сиздер ftp.oshsu порталынан "Подписка-2025" жана "ИБИС" Подписка-2025 электрондук каталог аркылуу жазылууну жүргүзсөңөр болот.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн:
Ош шаары, Бөрүбай уулу Асылкан көчөсү 2, борборлоштурулган китепкана, 2-кабат, 211-кана, телефон: (0551) 871 787.

10-10-2024

"Китепкана үчүн мыкты белек, албетте, китеп!»


ОшМУнун илимий китепкананын кызматкерлери эл аралык мамилелер факультетинин студенттери үчүн Кеңешбек Жеңишбековичтен китепканага белекке берилген китептерге терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздин китептериңиз китеп текчелеринде татыктуу орунду гана ээлебестен, окурмандар үчүн мезгилдин талабына керектүү Генри Киссинджер «Мировой порядок», «Дипломатия », «Нужна ли Америке внешняя политика?», «О Китае», Джонатан Стейнберг «Бисмарк Биография», жана башкалар. Китепкананын фондусуна чоң салым кошкон окурмандардан жакшы китептерди алуу дайыма жагымдуу.
Белекке 9 китеп берилди.

26-09-2024

Эне тил майрамы


КЫРГЫЗ ТИЛИ-ЭГЕМЕНДИКТИН ЖАНА УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮН СИМВОЛУ, РУХАНИЙ ЭЛДИН АЖЫРАГЫС БӨЛҮГҮ!
Жыл сайын, 23-сентябрда ОшМУда кыргыз тил күнү белгиленет, мамлекеттик тил күнүнө карата илимий китепкананын бардык факультеттеринде республиканын көрүнүктүү тилчилеринин, , филологдорунун китептерин, монографиялар, университетибиздин профессордук-окутуучулук курамынын илимий эмгектери көргөзмөгө коюулду.

24-09-2024

Белеке берилген китептерге ыраазычылык


Жаңы окуу жылынын башталышы менен илимий китепкананын китепканасына экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент Самиев
К.Т. , ОшМУнун “Информациялык системалар жана программалоо” кафедрасынын доценти Көчкөнбаева Б.О., Шакиров К.К., Сейитказыева Г.И. жана айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдурасулов А.Х. белекке берилген китептерине ИКнын директору А.Мамасадыковичтин жана жалпы китепкана жамаатынын атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Программалоо тилине киришүү , ошондой эле ветеринария жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча айрыкча, кыргыз тилиндеги методикалык жана илимий адабияттар маанилүү ролду ойнойт-бул биздин окуу жайдын китепканасына керек жана биздин студенттер үчүн зарыл болуп, теориялык жана практикалык билим алууга мүмкүндүк берет.

17-09-2024

«SСOPUS» маалымат базасы боюнча көрсөтмөлүү тренинг-семинар


2024-жылдын 11-сентябрында борборлоштурулган китепканада медицина факультетинин клиникалык фармакология кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамына юридикалык илимдер институтунун кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты Жусупов Болотбек Асановичтин жана юридика илимдеринин доктору Акматова Аманай Турсунбаевна менен биргеликте көрсөтмөлүү семинар өткөрүлүп, SCOPUS маалымат базасынадагы талаптары жана шарттары туралуу маалыматтар айтылды.

13-09-2024

Сыйкырдуу китеп дүйнөсүнө кош келиниздер!


Илимий китепкананын ар бир бөлүмүндө жаңы окуу жылына карата биринчи курсттун студентерине таанышуу экскурсиялары өткөрүлүудө.

05-09-2024

А.Солженицын атындагы Орусия федерациясынын үйүнөн Ош мамлекетик университетинин китепканасына 300 китеп белеке берилди


6- июнда 2024-жылы Ош мамлекеттик университетинде А.Солженицын атындагы Орусия Федерациясынын үйүнүн китептеринин көргөзмөсү жана илимий китепканага 300 нускадагы китептерди белекке берүү аземи болуп өттү.
Россиянын чет өлкөлөрдөгү Мурас Фондунун колдоосу менен Орусия басмаканаларынын көркөм жана тарыхый адабияттары көрсөтүлдү. Конокторду Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор, физика-математика илимдеринин доктору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич тосуп алды. Белеке берилген китептер студенттерге орус тилин үйрөнүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз.
А. Солженицын атындагы Орусия чет үйүнүн коноктору жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Бүгүн, Александр Пушкиндин туулган күнү, өзгөчө, бул китептер көрүүчүлөрдү кубандырды.
Китептер дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында да китеп жардам берүү программасынын алкагында берилет.

07-06-2024

27- май "китепканалар күнүнө" финансы-юридикалык колледжинин факультетинде


Факультеттин деканы Исаков Нургазы Жолболдуевич жана аны менен бирге директордун орун басары Тойчубекова Гуланда Каримжановна китепканачыларды ак ниет эмгеги, китепкананын окурмандарына сылык жана сапаттуу кызмат көрсөтүүсү, китеп жана окуу процессин көрсөтмөлүү окуу куралдары менен камсыздоодо үзүрлүү эмгеги менен иштеп кележатканына жалпы коллективдин атынан ыраазычылык билдирип, жакшы калоо тилектерин айтылды.

31-05-2024

ОшМУнун 85 жылдыгына карата


ОшМУнун 85 жылдыгына карата ректорат тарабынан уюштурган салтанаттуу мааракеде "ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси , үзүрлүү эмгеги жана университеттин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлык менен илимий китепкананын башкы, улук китепканачылары сыйланышты

29-05-2024

17-май күнү Билим лицейинде "Ата- энем жана мен" сынагы


Ош мамлекеттик университетинин "Билим" лицейинде 7- а класстын ата- энелери жана окуучуларынын катышуусунда "Ата- энем жана мен" аталышындагы китеп окуу сынагы болуп өттү.
Буга чейин окуучулардын арасында гана өткөрүлүп келсе, бул жолу ата- энелер да сынакка катышып, балдары менен кошо суроолорго жооп берип, чыгармачыл иштерди жасашты. Иш- чарага илимий китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы А.Нишанбаевна, "Билим" лицейинин администрациясы жана мугалимдери, китепканачы Э.Карабаева катышышты.
Сынакты уюштурган 7- а классынын класс жетекчиси жана кыргыз тили адабияты мугалими Мухамеджан кызы Айдайга коноктор жана ата- энелер тарабынан алкыш айтылды.
Сынакка ушул эле класстан бир баланын апасы демөөрчү болду.

21-05-2024

27 -май китепканалар күнүнө карата


Бир адамдан бир китеп» долбоорунун, дегеле кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу китеп тууралуу кыска метраждуу тасма жарык көрдү.

14-май күнү ОшМУнун башкы корпусунда 27-май китепканалар күнүнө карата жүздөгөн адамдын катышуусу менен "Барактар" кыска метраждуу көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Кадырлуу конок болуп, Нуркыз Кадырбекова, илимий китепкананын директору Орозбаев Азамат, ОшМУнун мугалимдери, китепкана кызматкерлери Тилек Кожомбердиев жана киного салымы бар топтун баары катышты. Көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган бул тасма- жаңы окуу жылынан тарта шаардык жана айылдык окуу жайларда көрсөтүлүп баштаары тасма ээлери тарабынан маалымдалды.

Кинонун негизги маңызына кыскача токтолсок:
Тасманын аталышы эле өзүнө чоң философияны камтып турат. Адамзаты- жашоосуна болгон ийгиликтин баарын китептин барактарынан тапса болот...Китеп- инсандын устаты, жол көргөзгөн кампасы. Тасманы көргөн ар бир адам өзүнө керектүү пайдаларды ала алат.

📖Дал ушул китеп окууга, өнүп-өсүүгө үндөгөн «БАРАКТАР» аттуу тасма элибиздин өргө карай жүрүшүнө негиз болот деген терең ишеничтебиз.

20-05-2024

Бир жумалык жадыбал


Урматтуу студенттер сиздер үчүн уюштурулган тренингде күтөбүз! Келип маалымат алып, сентябрдан мобилдүүлүкө барууга документтериңиздерди камдаңыздар!

Сиздер үчүн пайдалуу болушуна ишеничтебиз!

Баарыбыз кесибибизди мыкты адиси болгубуз келет. Андыктан да ар кайсы ресурстардан маалымат издөөнү токтотпойбуз.
Биз сиздерге мына ошол ресурстардан бири, пайдалуу тренингди сунуштайбыз жана сиздерди Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасында StudClub’да күтөбүз🤗

Дарек: Ленин көч., 333(КЕФ) 2-кабат.

26-04-2024

ЖАҢЫЛЫК


Ош мамлекттик университетинде 2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган «МАНАС» ЭПОСУ: “ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ОКУТУУ-2024” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Манас Улуттук академиясы ОшМУнун илимий китепканасына 22 аталыштагы 66 даана китеп белекке берди.

24-04-2024

Бүгүн, 23-апрель "Бүткүл Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү" ОшМУнун илимий китепканасынын бардык факультеттеринде белгиленди


Китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, профессордук - окутуучулук курамдын илимий эмгектери, авторефераттар, диссертациялар, ошондой эле илимий журналдар коюлду.
Университеттин студенттери жаңы китептер, окуу китептери жана окутуучулардын илимий эмгектери менен таанышышты.
Факультеттердин жетекчилиги, мугалимдери , студенттери илимий китепкананын иши жана китепканачылардын өткөрүп жаткан иш чараларына жакшы ой пикирлер, ыраазычылыктарын айтышты.

24-04-2024

ОшМУнун 85 жылдык маарекесин утурлай илимий китепкананын алкагында «Борборлоштурулган электрондук окуу залынын» ачылышы


Ачылыш аземге окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, ОшТУ, ОшМПУнун ректорлору, китепкана жетекчилери, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы китепканалардын жетекчилери, университеттин професордук-окутуучулук курамы, студенттер, окурмандар катышты.
Келген коноктор борборлоштурулган окуу залында ачылган STUDCLUB студенттердин профессионалдык жеке өнүгүү борбору, Scopus илимий-изилдөө борбору, электрондук ресурстар бөлүмү менен китепкананын заманбап жасалгасын, окурмандарга түзүлгөн шарттарын, мүмкүнчүлүктөрү менен танышып, калоо тилектерин айтып кетишти.

03-10-2024

Француз изилдѳѳчүсү Гзавье Аллездиндин китебинин бет ачары


2024-жылдын 25-мартында ОшМУда Борбордук Азияны изилдөө боюнча француз институту (IFEAC) тарабынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык кѳргѳн француз изилдѳѳчүсү Гзавье Аллездин “Кыргыз менен француздун ѳзгѳчѳ жолугушуусу – Алай, 1906-ж., Пол Пелионун саякат жазуулары жана Шарль Нуэтанын сүрѳттѳрү” китебинин расмий бет ачарына арналган иш-чарада автор тарабынан илимий китепканага эки даана китеп белекке берилди.

28-03-2024

Белеке берилген китеп


КРнын Ветеринардык Палатасынын Кеңешинин мүчөсү БИК ОшМУнун доценти, STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Халмурзаев Абдурашит Назирбекович тарабынан ветеринария жана агрономия адистиктерине тиешелүү жаңы окуу китептерин университеттин китепканасына белеке берди.

28-03-2024

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган сыйлоо аземи


8- март аялдардын эл аралык майрамына карата ОшМУнун ректору профессор К.Г.Кожобеков тарабынан университеттин илимий китепканасына өз салымдарын кошкон кесиптештерибиз, Камбаева Азиза Нишанбаевна ардак грамотасы, Абдыкаарова Бусайра Кочкоровна “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгиси, Абжапарова Гулбара Меңдибаевна акчалай сыйлык, Мирзахалилова Умида Ахмаджановна алкыш алып сыйланышты.

06-03-2024

"Илимий изилдөөлөрдө электрондук ресурстарды эффективдүү пайдалануу жана илимий билимдерге ачык жеткиликтүүлүк"


2024-жылдын 5-февралында ОшМУнун башкы имаратында “Маалыматтык сабаттуулук: электрондук ресурстарды илимий изилдөөлөрдө натыйжалуу пайдалануу” аталышында тренинг болуп өттү. Тренингди БААУнун электрондук ресурстар боюнча адиси Толгонай Кожоканова жана тейлөө боюнча жардамчы адис Мадина Керимовалар өтүп беришти. Ага ОшМУнун окутуучулары, аспиранттары жана илимий китепкананын кызматкерлери катышты.

08-02-2024

ОшМУда “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” аталышында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлорунун III форуму болуп өттү


Форумда илимий китепкананын директору Орозбаев Азамат китепкананы электрондоштуруу боюнча баяндама жасады.
Китепкананын кызматкерлери тарабынан Ош МУнун окумуштууларынын диссертациялары, авторефераттары жана китептеринин көргөзмөсү уюштурулду.

19-01-2024

"Кыргыз тили жана Айтматов ааламы" аталышындагы 3 айлык иш-чара 12-декабрда жыйынтыкталды


Аталган иш чарага биздин кесиптештер активдүү катышып, университеттин денгээлинде уюштурулган иш-чараны өткөргөн бардык китепканачыларга жетекчилик тарабынан ийгилик каалап, илимий китепканабызда эмгектенген активдүү кызматкерлерге Ардак грамоталар жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

16-01-2024

Кыргыз, орус филологиясы, педагогика, STEM колледжинин китепканачыларынын, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан уюштурулган иш -чара


"Улуттун улуу сыймыгы - кыргыздын кыраан Чыңгызы" аттуу иш-чаранын алкагында “Аалам адабиятынын алпы -
Айтматов” деген темада адабий- музыкалуу иш-чара STEM инновациялык колледжинде болуп өттү. Быйылкы иш-чаралардын өзгөчөлүгү "Кыргыз тили жана Айтматов ааламын таанууга китепканачылардын жигердүү катышып жаткандыгы. Айтматовдун китептери ал боюнча даректүү баяндар, илюсстрациялар көргөзмөгө коюлуп, студенттер жакындан таанышты. Дагы белгилеп кете турган бир жагдай ОшМУнун структура жетекчилеринин демилгеси менен уюштурулгандыгы . Кечени ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору ф.и.к. Шарипова Мастура ачып, мындай кечелердин баары адам болуп калыптанууга жакындан жардам берүү менен бирге адилетке , ыйманга , эл-жерди суйүүгө, канткенде адам уулу адам болот деген суроонун тегерегинде ойлонгонго тарбиялаган иш-чара деп белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Андан кийин цикл башчысы ф.и.к. Байтикова Б. сөзгө чыкты. Студенттер тарабынан даярдалган адабий кече жакшы деңгээлде өттү.

16-01-2024

ОшМУнун илимий китепканасынын борбордук имаратында Кыргызстандын Түштүк аймагы боюнча «Scopus Research Hub» ресурстук борбору ачылды.


Борбордун ачылышы менен буга чейинки бир топ көйгөйлөр чечилип, сапаттуу макала чыгарууга шарттар түзүлөт. ОшМУнун «Scopus Research Hub» ресурстук кызматынан Ош мамлекеттик университетинен сырткары беш жогорку окуу жайдын (Баткен мамлекеттик университети, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, А.Мырсабеков атындагы Ош педагогикалык университети, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети) кызматкерлери пайдалана алышат. Борбордун ачылуу аземине Elsevier эл аралык маалыматтар базасынын глобалдык стратегиялык тармактар боюнча вице-президенти Марат Фатхуллин баштаган өкүлдөр, Informascope компаниясынын директору Чинар Киванч, ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков жана Түштүк аймагындагы ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Журналдарга макалаларды чыгарууда борбордун атайын адистери көмөкчү кызматтарды аткарышат. Scopus эл аралык маалыматтар базасынан авторлорду, макалаларды жана илимий журналдарды издөө, кандай журналдарга макалаларды чыгарууга боло тургандыгы боюнча, ошол эле күнү саат 14.00-17.00 Elsevier эл аралык маалыматтар базасынын кеңешчиси Рабига Хожамкул илимий китепкананын жетекчи кызматкерлери, университеттин илимий иштер бөлүмүнүн, рейтинг бөлүмүнүн, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте кенен пикир алмашуу болуп өттү.

16-01-2024

2023-жылдын 20-ноябрында ОшМУнун ЭАББП колледжинде "Аалам алпы - Айтматов" аттуу иш-чара болуп өттү.


Адабий музыкалык кечеде ЭАББП колледжинин студенттери Айтматовго арналган ырларды көркөм окуп, чагармаларынан үзүндүлөр эң жогорку деңгээлде аткарылды. Жана ошондой эле ЭАББПнын Мамбетова Жаркын Мамбековна тарабынан мыкты көргөрмө уюштурулду. Көргөзмөгө Ч. Айтматовдун 10 томдук китеби, гезит, журналдарга берген интервюлары, студенттер тарабынан тартылган каармандардын сүрөттөрү коюлду.

16-01-2024

Кезектеги иш-чара ОшМУнун медицина факультетинде


2023-жылдын 21-ноябрында медицина факультетинде "Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы" аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага медицина факультетинин студенттери көркөм окуу, ыр, бий жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. Аталган иш чарага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.С.Шарипова, ФАКТ кафедрасынын башчысы З.Ж. Каразакова жана медицина факультетинин профессор-окутуучулук курамы катышышты. Иш-чараны уюштурган ФАКТ кафедрасынын доценти Чотикеева Канышай, Тургунбаева Сеил, Койчуманова Гулжан, Давлатова Сара, китепканачылар Ойчуева Жанара, Боронбаева Жамила, Алымбаева Салтанат, Женалиева Гульниса эжекелерге жана активдүү катышкан медицина факультетинин студенттерине ыраазычылык билдиребиз.

16-01-2024

“Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата


15-ноябрда Табият таануу, түризм жана агрардык технологиялар факультети жана теология факультетинин китепканачылары кыргыз тили мугалимдери менен биргеликте “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Ар бир тил өз элине улуу" деген темада иш чара өтүлдү. Мед.колледжинин студенттери көркөм окуу, ыр жана чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. Китепканачылар тарабынан китеп көргөзмөсү коюлду.

16-01-2024

2023-жылдын 14-ноябрында ОшМУнун БжМ факультетинде, "Аалам алпы - Айтматов" аттуу иш-чара болуп өттү


Бул саамалыкка факультеттин 1-курсунун студенттери жогорку деңгээлде катышып беришти. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү сахналык көрүнүштөр коюлуп, ыр-бий, көркөм окуулар менен коштолду. Факультеттин китепканачылары Азиза, Элнура эжекелер тарабынан көргөзмө уюштурулду. Иш-чаранын факультеттерде өткөрүлүшүн көзөмөлгө алып, жетекчилик кылган ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна, факультеттин деканы, э.и.к., доцент Исраилов Тимур Мурзабекович жана ФАКТкафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Каразакова Зувайда Жамиловна агай-эжейлерибиз катышып, уюштуруучулар улук окутуучу Ръана Шаимкулова жана Рахат Бекмуратова эжекелерге ыраазычылык билдиришип, студенттерге дайыма көркөм чыгармаларды окуп жүрүүнү сунушташты.

15-01-2024

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин китепканасында


5-октябрда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 1-курсттун студенттерине китепкана эрежелери жана электрондук ресурстар боюнча маалыматтар берилди. Табият таануу, түризм жана агрардык технологиялар факультетинин жана медицина колледжинин студеттери маалымат алышты.

16-01-2024

"Ар бир тил өз элине улуу" деген темада иш чара болуп өттү


“Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата тарых, юридика факультетеринин китепканачылары биргеликте Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Ар бир тил өз элине улуу" деген темада иш чара 24-октябрында старт алды. Китеп көргөзмөсү коюлду.

16-01-2024

Медицина факультетинин китепеканасында


Медицина факультетинин китепканасында студенттерге электрондук китепке буйрутма берүүнү үйрөтүү мезгилинде.

16-01-2024

"Китепти окуп, баркын бил"


2023-жылдын 12-октябрь күнү дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окуу залында "Китепти окуп, баркын бил“ аттуу темада студенттер менен аңгемелешүү өттү.

06-02-2024

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин китепканаcында


2023-жылдын 10-октябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинде КМТШИ, ДК тайпаларына адистиктерине тийешелүү китепкананын фондуна келип түшкөн китептердин презентациясы өткөрүлдү. Презентацияга чакыруу баракча даярдалып, колледждин директору Шаимкулов Олжобай жана анын орун басары, Түгөлбаев Эшназар чакырылды. Презентациянын жүрүшүндө ошол эле колледждин кафедра башчысы, улук окутуучу Шакиров Касым китептер жөнүндө кыскача маалымат берди. Ошондой эле өзүнүн кыргыз тилинде жазып чыгарган “ Кийимдердин конструкциясы боюнча лабораториялык иштерди аткаруунун методикалык көрсөтмөлөрү ” окуу методикалык китебинен эки даананы ИПКнын китепканасына белекке берди.

06-03-2024

Контактная информация:

  • Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Борубаева 2, ОшГУ
  • E-mail: library@oshsu.kg
  • Телефон: +996 3222 7-22-73
  • Телефон факс: +996 3222 7-09-15
  • Директор: М. А. Орозбаев


Время работы: 8:00-17:00