Кечээ, 25-июнда, Ош мамлекеттик университетинин Аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулган Жайкы мектептин алкагында Борбордук китепканада жаш окумуштуулар үчүн «Илимий-изилдөөлөрдүн методологиясы» аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө китепкана адистери жаш изилдөөчүлөргө заманбап электрондук ресурстарды колдонуу жана илимий макалаларды эл аралык базаларда жарыялоо боюнча кеңири маалымат беришти:
Гүлбара Абжапарова (Электрондук ресурстар жана тейлөө бөлүмүнүн башчысы) китепкананын электрондук ресурстары, анын ичинде Ibooks жана «Лань» электрондук китепкана системаларынын мүмкүнчүлүктөрү, аларды натыйжалуу пайдалануу жолдору тууралуу айтып берди.
Динара Арзибаева (Башкы библиограф) Kyrlibnet маалыматтык тармагын колдонуу, электрондук каталогдор аркылуу маалымат издөө жана диссертациялык иштерди талаптарга ылайык жасалгалоо боюнча кеңештери менен бөлүштү.
Болот Асанов (Scopus илимий-изилдөө борборунун координатору) eLibrary (РИНЦ) платформасында катталуу, эл аралык илимий маалымат базасынын мүмкүнчүлүктөрү, макалаларды издөө жана рейтингдүү журналдарга жарыялоо өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасады.
Семинардын соңунда катышуучулар электрондук ресурстарды илимий иштерде колдонуу жана маалыматтарды санариптештирүү боюнча өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
26.06.2026, 14:33
69 көрүү
ОшМУнун Борбордук китепканасында жаш окумуштуулар үчүн семинар-тренинг өттү