Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын электрондук ресурстарынын катарына дүйнөлүк деңгээлдеги Электрондук-китепканалык система (ЭБС) «Лань» платформасынын атайын профили жайгаштырылды.
Эми ОшМУнун окутуучулары жана студенттери китепкананын расмий баракчасындагы бул профилди ачып, ичиндеги «Перейти на сайт» баскычын басуу менен түз эле электрондук базага кире алышат. Бул ресурс аркылуу миңдеген заманбап окуу китептерин, илимий макалаларды жана журналдарды акысыз, ачык форматта окууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.
24.06.2026, 15:34
74 көрүү
ОшМУнун Илимий китепканасынын ресурстарына (ЭБС) «Лань» кошулду