Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын алкагында түзүлгөн «StudClub» студенттик клубу өзүнүн бир жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Иш-чарада клубдун жыл ичинде аткарган интеллектуалдык, маданий жана коомдук долбоорлору боюнча отчёту сунушталып, андагы зор жетишкендиктер жана өзгөчө жагымдуу атмосфера баса белгиленди.
Жыл ичинде өз убактысын туура пайдаланып, билимге, илимге умтулуу менен коомго пайдалуу иштерди жасаган демилгелүү жаштар башка студенттерге чыныгы мотивация бере алышты. Салтанаттуу кеченин алкагында өзгөчө айырмаланган активдүү студенттерге Илимий китепкана тарабынан Ардак грамоталар жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Ал эми үлгүлүү уул-кыздарды тарбиялаган студенттердин ата-энелерине терең ыраазычылык каттары жөнөтүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Илимий китепкананын директору, бөлүм башчылары жана тренерлер катышып, жаштардын окууларына жана коомдук иштерине чоң ийгиликтерди каалоо менен бирге өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.