Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын «StudClub» студенттерди өнүктүрүү борборунда студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсү үчүн акысыз IT-курстары өткөрүлө баштады.
Бул курстар студенттердин заманбап кесиптерди акысыз өздөштүрүүсүнө жана өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө сонун мүмкүнчүлүк түзөт. Сабактар ар жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 15:00дө өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, борбордо ар жуманын жума күнү саат 15:00дө студенттер үчүн ар кандай актуалдуу темаларда тренингдер уюштурулуп турат.
Ал эми кийинки жумадан тарта тил үйрөнүүнү каалагандар үчүн акы төлөнүүчү англис тили курсу да өз ишин баштайт. Англис тили сабактары аптанын так күндөрү (дүйшөмбү, шаршемби, жума) төмөнкү убакыттарда өткөрүлөт:
• 09:00дөн 10:00го чейин;
• 10:00дөн 11:00го чейин.
Уюштуруучулар бул демилге ОшМУнун студенттеринин билим алуусуна, жекелик сапаттарын өстүрүүсүнө жана келечекте жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуна чоң өбөлгө түзөрүн белгилешет.
15.10.2026, 16:08
121 көрүү
ОшМУнун Илимий китепканасында студенттер үчүн акысыз IT-курстары жана тренингдер башталды
Булак / шилтеме:
https://www.instagram.com/studclub.oshsu