Ош мамлекеттик университетинин STEM-инновациялык колледжинде филология илимдеринин кандидаты, окутуучу Исакова Таалайкандын уюштуруусу менен кыргыз тилинин жана заманбап технологиялардын маанисин даңазалаган маданий-агартуучулук иш-чара өттү. Салтанаттын алкагында студенттер эне тилди технология менен айкалыштыруу маселелерин талкуулап, кызыктуу программаларды тартуулашты. Муну менен катар, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун китепканачылары тарабынан атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөгө тил илимине, технологияга жана табигый илимдерге тиешелүү жаңы адабияттар коюлуп, иш-чаранын маанисин ачып, аны толуктап турду.
04.10.2026, 15:40
41 көрүү
ОшМУда «Кылымдарды карыткан тил-технология доорунда» аттуу иш-чара өттү