Бүгүн, 9-сентябрда, Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтуна жаңы кабыл алынган 1-курстун студенттери кураторлору менен биргеликте ОшМУнун Борбордук илимий китепканасында болушту.
Китепканага болгон сапардын жүрүшүндө студенттер анын заманбап окуу залдары, китеп фонду жана электрондук ресурстары менен таанышып, китепкананын студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.
Жаңы кабыл алынган студенттердин китепкана менен таанышуусу алардын университеттеги окуу процессине алгачкы кадам таштоосуна жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга өбөлгө түзөт.
09.09.2026, 16:30
78 көрүү
Илимге карай алгачкы кадам