Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжине (ИПК) жаңы кабыл алынган биринчи курстун бардык студенттери кураторлорунун коштоосунда окуу жайдын китепканасына келишүүдө. Бул таанышуу учурунда колледждин китепканачысы студенттерге китепкананын фонду, электрондук китептер базасы, окуу залдарынын иштөө тартиби жана китеп алуу эрежелери тууралуу кеңири маалымат берүүдө.
04.10.2026, 15:40
52 көрүү
Жаңы окуу жылы — жаңы окурмандар