Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгына арналган «Аалам аралаган адабият» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында кеңири масштабдуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.
Экспозицияга Чыңгыз Айтматовдун дүйнө таанымын чагылдырган улуу көркөм чыгармалары, роман-повесттери жана алардын котормолору менен бирге, академик Абдылдажан Акматалиевдин ушул баалуу адабий мурастарды терең изилдеген көп томдук илимий эмгектери, монографиялары жана айтматов таануу илимине кошкон зор салымы камтылган көптөгөн китептери биргеликте коюлду.
15.05.2026, 15:05
78 көрүү
Ч. Айтматовдун мурасы жана А. Акматалиевдин илимий эмгектери бирдиктүү көргөзмөдө