ОшМУнун Курулуш колледжинде 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу кече окуу жайдын окутуучулар жамааты жана колледждин китепканачысы Зулайка Тойчуева тарабынан уюштурулду.
Саамалыкка ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент Мастурахан Шарипова катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана санариптик чөйрөдө кеңири колдонуу өзгөчө жаштардын башкы милдети экенин баса белгиледи.
Майрамдык программанын алкагында студенттер эне тилди даңазалаган көркөм окууларды аткарып, обондуу ырларды тартуулашты. Ошондой эле улуттук каада-салттарды жана улуттук кийимдердин сулуулугун чагылдырган чакан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү.