Китепканадагы жаңылыктар менен бөлүшөбүз
Бир жумалык жадыбал
Урматтуу студенттер сиздер үчүн уюштурулган тренингде күтөбүз! Келип маалымат алып, сентябрдан мобилдүүлүкө барууга документтериңиздерди камдаңыздар! Сиздер үчүн пайдалуу болушуна ишеничтебиз! Баарыбыз кесибибизди мыкты адиси болгубуз келет. Андыктан да ар кайсы ресурстардан маалымат издөөнү токтотпойбуз. Биз сиздерге мына ошол ресурстардан бири, пайдалуу тренингди сунуштайбыз жана сиздерди Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасында StudClub’да күтөбүз🤗 Дарек: Ленин көч., 333(КЕФ) 2-кабат.
ЖАҢЫЛЫК
Ош мамлекттик университетинде 2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган «МАНАС» ЭПОСУ: “ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ОКУТУУ-2024” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Манас Улуттук академиясы ОшМУнун илимий китепканасына 22 аталыштагы 66 даана китеп белекке берди.
Бүгүн, 23-апрель "Бүткүл Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү" ОшМУнун илимий китепканасынын бардык факультеттеринде белгиленди
Китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, профессордук - окутуучулук курамдын илимий эмгектери, авторефераттар, диссертациялар, ошондой эле илимий журналдар коюлду. Университеттин студенттери жаңы китептер, окуу китептери жана окутуучулардын илимий эмгектери менен таанышышты. Факультеттердин жетекчилиги, мугалимдери , студенттери илимий китепкананын иши жана китепканачылардын өткөрүп жаткан иш чараларына жакшы ой пикирлер, ыраазычылыктарын айтышты.
Индекси | Басылмалардын аталышы | Жарымжылдык мезгил | Минималдуу жазылуу мөөнөтү (айы) | Жазылуу баасы 1 айга НДС жана НсП менен | Жазылуу баасы 6 айга НДС жана НсП менен | Кеңсе жазуулары үчүн | Тилкенин форматы |
Индекс | Наименование | Периодичность в полугодии | Минимальный срок подписки (мес.) | Подписная цена на 1 месяц с учетом налогов (Сом) | Подпписная цена на 6 месяцев с учетом налогов (Сом) | Для служебных заметок | Вид издания |
013959 | 120 | 6 | 1 | 362.03 | 2172.19 | 273.48 | Газеты |
99002 | 777 | 27 | 1 | 415.19 | 2491.13 | 308.04 | Газеты |
013012 | 1000 | 12 | 1 | 416.11 | 2496.66 | 312.91 | Газеты |
013419 | 1000 | 13 | 1 | 353.16 | 2118.93 | 264.78 | Газеты |
Илимий китепкнакын түптөлүп, өнүгүшүнө өз мезгилинде чоң салым кошкон жетекчилери катары : А.И. Федова, Ф.Х. Дауранова, К.Турсунова, А.В. Ильяева, М.Ю. Клебанов жана С.С. Токтомамбетовалардын эмгектерин белгилеп кетмекчибиз.
Айрыкча китепкананын жетекчиси болуп 30 жылдай иштеген (1967-1996) Мария Юрьевнанын эмгеги баа жеткис. Анын мезгилинде китепканалык фонд инвентардык журналга каттала баштаган. Алфабиттик жана сиситематикалык, тематикалык каталогдор түзүлгөн.
1996-2005-жылдары А.Г.Ибрагимова илимий китепкананын директору болуп иштеген. Бул жылдардын ичинде китепкана фондусу окуу китептери, илимий-методикалык колдонмолор, диссертациялар, сөздүктөр жана башка китептер менен толукталып, алардын жалпы саны 730 миңден ашты. Китепкана фондусу 812661 китепке жетти.
2005-2009-жылдары С.С.Токтомамбетова илимий китепкананын директору болуп иштеген.
2009-жылдан 2011-жылга чейин университеттин илимий китепканасы жаңы технологиялар жана инвестициялар департаментинин карамагына өтүп, төрт борбордук китепкана, үч бөлүм иш алып барган. Департаменттин алгачкы директору болуп биология илиминин кондидаты,доцент Т.К. Эркебаев, андан кийин департаменттин директору болуп педагогика илиминин кандидаты, доцент, шаардык кеңештин депутаты Т.А. Жоробеков эмгектенген. Бул учурда илимий китепкананын китеп фонду 880 000 нусканы түзгөн.
ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ректордун 2011-жылдын 25-ноябрындагы №652 буйругунун негизинде китепкананын жаңы структурасы кабыл алынган. Китепканага директор болуп Эсекеева Азимгүл дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат.
ОшМУнун ректорунун 2012-жылдын 29-октябрындагы №583 буйругу менен илимий китепкананын жаңы структурасы бекитилген. Учурда илимий китепканада 3 (маалымат-библиографиялык, китепти комплектөө, китепти сактоо) бөлүм, 14 китепкана, 1166 орундуу 13 окуу залы, 4 кафедралык кабинеттер бар.